Бүгүнкү күндө бизде таажывирусту аныктай турган тест-системдери жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди
“Кыргызстанда тест-системдери жетиштүү. Башында, албетте, жетишсиз болгон. Коронавирус дүйнө жүзүнө тарала баштагандан тартып эле биз тест-системаларды Россиядан алып келе жатабыз. Биз Россия өлкөсүнө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бүгүнкү күндө тест-системдер башка өлкөлөрдөн жардам катары гана келбестен, азыр ишкерлер дагы алып келүүгө даяр болуп жатат”, – деди Акматова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ