Орусиялык миллиардер Алишер Усманов оппозициячы Алексей Навальный менен анын Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна каршы доо арыз жазды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирүүдө. Арыз Москванын Люблинск сотуна 12-апрель кечинде берилди. Азырынча Усмановдун кандай дооматтары бар экендиги жана арыздын качан карала тургандыгы белгисиз.
Мурдараак Алишер Усманов жалаа жапкан жана жаманатты кылган билдирүүлөрү үчүн Алексей Навальныйды сотко бере турганын билдирген.
Марттын башында Коорупцияга каршы күрөшүү фонду Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин “жашыруун империясы” тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Усманов Медведевге байланышы бар “Соцгоспроект” фондуна Рублевка шоссесиндеги 5 миллиард рублге бааланган үйүн жана жер тилкесин белекке бергени айтылган. Бизнесмен үйдү өкмөт башчысына тең укуктуу келишимдин негизинде бергенин билдирүүдө. Фонддун кызматкерлери болсо аларда пара берүү фактысын ырастаган документтер бар экенин жана сотто аларды көрсөтө тургандыктарын айтышкан.
Буга чейин Алексей Навальный Усмановдун ар-намысын коргоо тууралуу доо арызы өзүнө жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна басым жасоо болушу мүмкүн экенин ишара кылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ