Menu

Тажикстанда президенттик тик учактын шамалынан аэропорт жетекчиси каза болду

Бөлүшүү:

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Тоолуу-Бадахшан автономдук облусуна сапары маалында мамлекет башчынын тик учагынын шамалынан улам Хорог шаарындагы аэропорттун жетекчиси Дилдор Максудшоев жыгылып кетип, башы менен ташка тийген.

Маалыматка караганда, Максудшоев Дарваз райондук ооруканасына бараткан жолдо жан берген.

Хорог аэропортунун жетекчиси мамлекет башчынын Дарваз районуна жасаган сапары маалында коштоп жүргөн облустагы аткаминерлердин арасында болгон.

Жергиликтүү бийлик Дилдор Максудшоевдин өлүмүн ыксыз кокустук деп эсептешүүдө.

Хорог аэропортунун жетекчисин акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 14-сентябрда болот.

Эмомали Рахмон шаршембиде жумушчу сапары менен Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин жана Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун Дарваз районуна барган.

Окуя болгон Яхчи Сор айылы Эмомали Рахмондун сапарынын акыркы чекити болчу. Анда жайындагы селдерден жабыркаган жарандар үчүн жаңы үйлөр курулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: