Menu

Кайненесин өлтүргөн адам сегиз жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Ысык-Ата райондук соту адам өлтүрүү кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. 28 жаштагы адам өзүнүн кайненесин өлтүрдү деп табылды.

Өз күнөөсүн мойнуна алган жигит, эч кимди өлтүргүсү келбегенин айткан. Анын айтымында, бирге жашаган кыздын үйүнө келген учурда ал апасы менен урушуп жаткан. Күйөө баласы токтотууга аракет кылганда кайненеси ага жулунган. “Мен аны түртүп ийдим, ал кулап калып, эсин жоготту. Андан ары эмне болгону эсимде жок” – деди соттолуучу.

Кызынын көрсөтмөсүндө, граждандык күйөөсү келгенде апасы экөөнүн ортосунда чынында эле уруш чыккан. Ал учурда баласы ыйлап калгадыктан кызы бөлмөдөн чыгып кеткен, кирип апасынын жерде жатканын көргөн. Эмне үчүн тез жардам же милиция чакырган жоксуңар деген суроого жубайлар жооп беришкен эмес.

Өлтүргөн адам кайненесинин телефонун сатуу аракетин көрүп жаткан убакта кармалган.

Сот аны сегиз жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: