2017-жылдын 30-август күнү Чүй облусунун 47 жаштагы тургуну Москва райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Себеби, ошол күнү саат 16:00 чамаларында Белеводск айылындагы үйүнүн жанынан 30-35 жаштагы белгисиз эки жаран бейбаштык кылып, куралы менен ар тарапка ок чыгарып белгисиз тарапка качып кетишкен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан.
Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренсинин (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы И.А. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаранга камакка алуу чечими чыгарылган. Ал эми экинчи шектүү жаранды кармоо үчүн ыкчам издөө иштери улантылып, тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ