Menu

Өзбекстанда маданий мурастарды чет өлкөлөрдөн кайтаруу боюнча борбор түзүлдү

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 20-июнда Өзбекстанга таандык чет өлкөдө сакталган маданий мурастарды иликтөө борборун түзүү боюнча токтомго кол койду.

Борбор чет өлкөдө сакталган маданий мурастардын тизмесин түзүү, аларды иликтөө иштери менен алектенет. Мындан тышкары маданий мурастарды өлкөгө алып кирүү жана өлкөдөн алып чыгуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы менен эффективдүүлүгүн анализдейт.

Президенттин токтомунда баалуу мурастарды өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы айтылат.

Өзбекстан Маданият министрлигинен маалымдашкандай, союз маалында Хива, Самарканд, Бухара музейлериндеги көөнө экспонаттар, алардын ичинде алтындан жасалган буюм-тайымдар Ленинградга чыгарылып кеткен. Учурда алардын көпчүлүк бөлүгү Эрмитаждын Чыгыш бөлүмүндө сакталуу. “Биздин президент алардын мекенине кайтарылышын каалайт. Бирок токтомдо азыр алынып келиниши керек деген сөз жок. Документте аларды кайтаруунун жолдорун издөө зарылдыгы айтылат”,-деди Өзбекстандын Маданият министрлигинин өкүлү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 98 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: