Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрүү бекетинде Өзбекстандын 50дөн ашык жараны өтө албай турат. “Оздолик” кабарлагандай, алардын көбү өзбек жарандарына күйөөгө чыккан кыргызстандык келиндер.
Чек арада топтолуп турган жарандар тамак-ашка акчасы жок калганын, акыркы 3-4 күндөн бери ачык-асман алдында түнөөгө аргасыз болуп жатышканын билдиришүүдө.
«Достук» чек ара бекетинин башчысы Субутай Исманалиев кыргыз тарап адамдардын чек арада топтолуп калышына тиешеси жок экенин билдирди.
– Өзбекстан өз жарандарын аз-аздан кабыл алууда. Алгач аларды карантинге жайгаштыруу үчүн орундарды даярдап, андан кийин гана кабыл алып жатат. Алардын мекенине кайтып баруусуна Кыргызстан тараптан эч кандай тоскоолдук жок», — деди Исманалиев.
Ал акыркы жолу чек ара бекетине топтолгон жарандар бир жума мурда өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Өзбекстандын бийлигин коронавирус пандемиясына байланыштуу бардык өлкөлөр менен чек арасын март айында жапкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ