Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун ден-соолугу жакшы. Бул тууралуу 13-ноябрда манасчынын жубайы Ырыс Окенова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, ал медициналык жардамга кайрылган эмес, анын абалына байланыштуу маселелер жок.
Ал дарыгерлер изилдөө жүргүзүүнү каалашканын, манас айтууну баштар алдында жана бүткөндөн кийин кан анализдерин алышып, кан басымын текшеришкенин айтты.
“Бүгүнкү күндө анын ден-соолугу жакшы, көйгөйлөр жок”, – деди ал.
Белгилей кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков “Манас” эпосун эң узак айтуу рекордун жаңылады. Ал эпосту 14 саат 27 мүнөт үзгүлтүз айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ