Өзгөчө абал киргизилген аймактарда учурда жалпысынан – 40тан ашуун санитардык-карантиндик посттор иштеп, анда күнү-түнү укук коргоо органдарынын, аскер кызматтарынын, санитардык-дезинфекция кызматтарынын кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте элдин саламаттыгы үчүн кызмат өтөшүүдө. Бул тууралу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы билдирет.
2020-жылдын 25-мартынан тарта киргизилген коменданттык саат учурунда (20-00дөн 07.00 чейин) коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн Сузак районунан 27 жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 10 адам кармалып, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ШРИИБге жеткирилген.
Аталган адамдарга карата “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык коменданттык саатты бузгандыгы үчүн протоколдор толтурулуп, ШРИИБде коменданттык саат бүткүчө карамалып, мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн.
Ошондой эле, Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан – 21 жаран ден-соолугуна байланыштуу, андан сырткары жалпы – 123 (36 жүк ташуучу) автоунаа текшерилип, КРнын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлдү.
Белгилей кетүүчү жагдай, блок-посттордон өтүү үчүн жарандардан келип түшкөн арыздар коменданттын штабы тарабынан ирээти менен өз нугунда каралып, өзгөчө зарылдыгы бар багыттарга уруксат кагаздары (пропуск) бериле баштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ