Menu

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттык саатты бузган 37 адам кармалып, таң аткыча милицияда олтуруп чыкты

Бөлүшүү:

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда учурда жалпысынан – 40тан ашуун санитардык-карантиндик посттор иштеп, анда күнү-түнү укук коргоо органдарынын, аскер кызматтарынын, санитардык-дезинфекция кызматтарынын кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте элдин саламаттыгы үчүн кызмат өтөшүүдө. Бул тууралу Жалал-Абад  шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 25-мартынан тарта киргизилген коменданттык саат учурунда (20-00дөн 07.00 чейин) коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн Сузак районунан 27 жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 10 адам кармалып, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ШРИИБге жеткирилген.

Аталган адамдарга карата “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык коменданттык саатты бузгандыгы үчүн протоколдор толтурулуп, ШРИИБде коменданттык саат бүткүчө карамалып, мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн.

Ошондой эле, Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан – 21 жаран ден-соолугуна байланыштуу, андан сырткары жалпы – 123 (36 жүк ташуучу) автоунаа текшерилип, КРнын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлдү.

Белгилей кетүүчү жагдай, блок-посттордон өтүү үчүн жарандардан келип түшкөн арыздар коменданттын штабы тарабынан ирээти менен өз нугунда каралып, өзгөчө зарылдыгы бар багыттарга уруксат кагаздары (пропуск) бериле баштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: