Кечээ, 15-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 200-чакырымында 20 тонналык күйүүчү май ташуучу ДАФ үлгүсүндөгү унаа, мазут жүктөп бара жатып жол жээгине оодарылып жыгылган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Натыйжада төгүлгөн мазут жол жээгине жана Суусамыр суусуна куюлган. КР ӨКМ Жайыл райондук бөлүмү тарабынан Суусамыр айыл өкмөтүнө билдирилип, Суусамыр суусунун жээгинде жайгашкан калкка эскертүү берилген.
Унаада 2 адам болгон, 1 адам жабыркап медициналык жардам көрсөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ