Бүгүн, 30-мартка карата Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикалык маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө таажывирусуна чалдыккандардын саны 722,1 миңге жеткен. Алардын арасынан 33,9 адам каза болгон, 151,7 киши илдеттен сакайган.
АКШ таажывирустук инфекциялардын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Ал жакта 142,1 адам таажывирусун жуктуруп алган. Экинчи орунда Италия – 97,6 адам илдетке чалдыккан. Үчүнчү орунда Кытай турат, 81,4 киши таажывирусу аныкталган.
Аталган илдеттен каза болгон бейтаптардын саны боюнча Италия биринчи орунда турат, 10 миңден ашык адам каза болгон. Испанияда 6,8 киши, ал эми Кытайда 3,3 адам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ