Билим берүү жана илим министрлиги 8-апрелден баштап балдарды дистанттык форматта окутууга өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкмөттүк брифингде Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Ал 8-апрелде карантин аяктарын белгилеп, окуучулар 4-чейректи аралыкта окуй турганын айтты.
Анын айтымы боюнча, Билим берүү жана илим министрлиги бала-бакчадагы балдар үчүн “Балалык” программасы иштелип жатат.
“Балалык” программасын ишке ашыруу үчүн телеканалдар менен иштешип жатабыз. “Баластан” телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү, тарбия берүүчү телекөрсөтүүлөр, мультфильмдер көрсөтүлөт. Ошондой эле, балдарды мектепке даярдоо боюнча “Наристе” деген 480 сааттык программабыз дагы бар. Анын эң негизги максаты – балдарды мектепке даярдоо. Бул программа боюнча, видео сабактар даярдалып, тартылып жатат. “Баластан” телеканалынан башталгыч класстардын окуучулары үчүн да видео сабактар көрсөтүлөт” – деп белгиледи Надира Жусупбекова.
Ал эми 5-9-класстардын окуучулары үчүн “Илим-Билим” ЭлТР, “5 канал”, “Пирамида” телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ