Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы кызматтан алуу чечимин сынга алды.
“Алтынай Өмүрбекованы кызматтан бошотууга эмне негиз болду?” – деп премьер-министрден депутат сурады.
“Ал өз каалоосу менен арызын жазып кетти” – деп жооп берди өкмөт башчы.
М.Жээнчороев: – Эгерде Өкмөттүн курамынын 95% өзгөрсө, сиздин мындан ары иштегенге моралдык укугуңуз барбы?
М.Абылгазиев: – Бар.
М.Жээнчороев: – Эмне себептен?
М.Абылгазиев: – Иштеп жатабыз да.
М.Жээнчороев: – Командаңыздын 95% кетти, өзүңүз жана дагы бир киши эле калды. Мен ойлойм бул уят нерсе. Командаңыздын баарынан айрылдыңыз. Андан көрө жоопкерчиликти өз мойнуңузга алып, өзүңүз дагы кошо отставкага кетип, жаңы команда келиши керек. Же азыркы команданы бекем кармап, карантин бүткөндөн кийин чечим кабыл алсаңар болмок.
“Аны сиздер чечиңиздер” – деп жооп берди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Депутат ошондой эле, отставкага кетүү жөнүндө арызды кабыл алуу менен, өкмөт оор мезгилдеги жарандардын мамлекеттик кызматка болгон ишенимин жоготуп жатканын белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ