Өлкө боюнча таажывирус илдетине каршы 10 миң 157 адам тесттен өттү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин таажывирус боюнча ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
“Учурда 1666 адам обсервацияда жатат. Кыргызстан боюнча таажывирус илдетине каршы 10 миң 157 адам тесттен өттү. Бир сутканын ичинде 321 тест изилдөө өткөрүлдү. Акыркы катталган 14 бейтап 194 адам менен байланышта болгон”, – деди Мамбетов.
Учурда өлкө боюнча 144 адам таажывирус илдети менен жабыркоодо.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ