Кечээ, 3-апрелде Ысык-Көл облусунда жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан эки унаанын айдоочулары кармалган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, COVID-19 оорусун жана жайылышын болтурбоо максатында, ошондой эле аймактагы калктуу конуштардын ортосундагы кыймылды чектөө максатында, оперативдүү штабдын чечими менен аймакта санитардык карантин посттору иштөөдө. Карантин режимин катуу сактоо боюнча калкка түшүндүрүү иштери жугуштуу оорунун жугушунун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
«Жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштерге карабастан, айрым жарандар бардык кеңештерге көңүл бурбай, бийликтин талабын одоно түрдө бузуп жатышат. Мындай кайдыгерликтин айынан алар өздөрүнө жана башкаларга коркунуч келтиришет.
Ошентип, 3-апрелде, Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында, Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну А.Нурлан аттуу жаран башкарып бара жаткан “Мерседес-Бенц-316” маркасындагы жүк ташуучу унаа токтотулган. Сурамжылоо учурунда айдоочу шаарга тамак-аш сатып алганы бара жаткандыгын билдирген. Бирок, ал жүргүнчүлөрдү бир конуштан экинчи конушка ташып бара жатканы белгилүү болгон. Унаанын арткы жагында 11 жүргүнчү Балыкчы шаарынан Ысык-Көл районундагы Ананьева айылына бара жатышкан.
Ошол эле күнү Түп райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери райондук борбордун кире беришиндеги өткөрүү пунктунда Ак-Суу районунун Боз-Булун айылынын тургуну О.Алтынбек аттуу жаранды “Камаз-35320” автоунаасын айдап бара жатканда токтотушкан. Унааны текшерип жатканда, артында 23 жүргүнчү болгон. Айдоочунун айтымында, ал өз айылынан жумушчуларды жалдап, картошка жүктөө үчүн Түп районунун Балбай айылына бараткан.
Эки айдоочу үчүн Бузуулар кодексинин 127-беренесинин 1-бөлүгү (Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) боюнча протоколдор түзүлгөн. Ал эми эки автоунаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган “, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ