Бишкектин комендатурсы 3000ден ашуун уруксат кагаздарын берди. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде онлайн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
“Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын комендатурасы тарабынан, тамак-аш ташуучуларга 2680 уруксат кагазы, медициналык тармакта иштеген кызматкерлерге 889, банк тармагында иштегендерге 280 уруксат кагазы берилди” – деп билдирди комендант.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ