Эртең, 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-апрелде күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 6-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +4…+9, күндүз +20… +25,
Таласта түнкүсүн: +3…+8, күндүз: +19…+24
Баткенде түнкүсүн: +6… +11, күндүз: +21…+26
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +6…+11, күндүз +20…+25
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +1…+6, күндүз: +12…+17
Нарында түнкүсүн: 0…+5, күндүз: +13…+18
Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз: +23…+25
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ