Төртүнчү кабаттагы терезеден кулап түшкөн кыздын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу 6-апрелде Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бейтап бөлүмгө өткөрүлүп берилген. “Аялдын акырээги жана далысы сынган. Бейтап акырындап жакшы болуп келе жатат”,- деди ал.
Эскерте кетсек, окуя 3-апрелде 5-кичирайондо, кечки саат жетиде болгон. Анда 1985-жылы туулган аял төртүнчү кабаттын терезесинен кулап түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жана тез жардам кызматы келген. Ал Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборуна жаткырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ