КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина актриса Назира Мамбетовага батир берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. «Актриса Назира Мамбетованын 70 жылдыгына арналган телеберүүнү көрдүм. Назира Мамбетова «Курманжан датка» тасмасында башкы ролду ойногон. Ал барак тибиндеги үйдө жашайт экен. Муздаткычында азык-түлүк жок. Мен уялып кеттим. Эл артисти 10 миң сомдук айлык менен жашап жатат. Мына биздин маданият кызматкерлерине болгон мамилебиз. Премьер-министр Сапар Исаков актрисанын 70 жылдык мааракесине карата анын эмгеги үчүн ага батир белек кылуунун жолун таап чыкса жакшы болмок», – деди Карамушкина.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ