Menu

Элчи Ибрагим Жунусов «Tashkent International Business HUB» ачылыш аземине катышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-майда, Ташкент шаарында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов «Tashkent International Business HUB» ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Өзбекстандын бизнести өнүктүрүү Ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын, Ооганстан Ислам Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ишкерлери катышышты.

Ташкент эл аралык ишкердик хабынын ачылышынын алкагында Кыргызстан, Ооганстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара соода мамилелерин чыңдоо максатында бизнес форум болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Кыргызстан ишкердикти жүргүзүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чоң маани берээрин белгиледи. Ошондой эле «Tashkent International Business HUB» дын ачылышы ар тараптуу жана ири соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга оң таасирин тийгизет деп үмүтүн билдирди.

Ташкент эл аралык ишкердик борборунун ачылышынын алкагында форумдун катышуучулары мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: