Menu

Берлинде кыргыз-герман кызматташтыгы талкууланды

Бөлүшүү:

21-майда Берлин шаарында Кыргызстандын  Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Бундестагынын депутаты, Борбордук Азия тобунун жетекчиси Манфред Грунд менен жолугуп, эки тараптуу жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча талкууланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Э.Абдылдаев жакында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасы чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жалаң гана сүйлөшүүсүн негизинде чечилиши керек экенин жактоосун баса белгиледи.

Мындан тышкара, жолугушуу учурунда герман тарапка “Кумтөр” компаниясы ишмердүүлүгүнүн негизинде Кыргызстандын экологиясына көрсөтүлгөн  терс таасири тууралуу маалымат берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: