Menu

ЕБ лидерлери Лукашенконун режимине санкция салууну макулдашты

Бөлүшүү:

Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлери дүйшөмбү күнү кечинде Беларуска каршы санкциялар топтомун киргизүүнү макулдашты. Анын алкагында беларус авиациясына ЕБга мүчө 27 мамлекеттин аба мейкиндигин колдонууга тыюу салынды.

Евробиримдик Кеңеши альянстагы бардык авиакомпанияларды Беларус аймагында учууларды уюштуруудан оолак болууга чакырды.

23-майда ирландиялык “Ryanair” авиакомпаниясынын Афины-Вильнюс каттамындагы учагы “бомба бар” деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда Минскинин аба майданына кондурулган. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн арасындагы оппозициялык журналист, блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы камакка алынган. Мындан соң Европа лидерлери Лукашенко режимине санкция салуу чечимин бир добуштан колдошту.

ЕБ Кеңешинин билдирүүсүндө Роман Протасевич менен София Сапегини тезинен бошотуу талабы камтылган. Документте алардын ээн-эркин жүрүүсү камсыздалышы керек экени белгиленген.

Ошол эле маалда Брюссель Эл аралык жарандык авиация уюмун (ICAO) бул окуяны токтоосуз иликтөөгө чакырууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: