Menu

АКШнын Скрипалга байланыштуу Орусияга киргизген санкциясы күчүнө кирди

Бөлүшүү:

Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу АКШнын Орусияга киргизген санкциялары бүгүн күчүнө кирди. Айып чаралары 27-августта федералдык тизмеде – АКШ өкмөтүнүн расмий журналында жарыяланды.

Санкцияда Орусияга чукул гуманитардык колдоодон тышкары бардык тышкы жардамдарды берүүнү токтотуу каралган. АКШ азык-түлүк жеткирүү жана насыя берүүдөн баш тартты.

Мындан тышкары курал жарак жана коргонууга багытталан бардык товарларды сатууну токтотуу да каралган. Ошол эле маалда “улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын” эске алуу менен космос тармагындагы кызматташууга чектөө коюлган жок.

Эгер Москва жакынкы бир нече айда химиялык жана биологиялык курал колдонбой тургандыгы жөнүндө кепилдик бербесе, АКШ дагы санкция киргизет. Анда “Аэрофлот” компаниясынын АКШга учуусуна тыюу салуу жана өз ара соода жүгүртүүнү эң төмөнкү деңгээлге түшүрүү каралган.

Вашингтон жарыялаган санкцияларга байланыштуу рублдын наркы кескин түшүп кетти.

Лондон Скрипалга кол салуунун артында Кремль турарын, себеби “Новичок” уусу СССРде чыгарылганын билдирген. Москва айыптоолорду четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: