Бүгүн, 9-апрелде “Сорос -Кыргызстан” фонду Кыргызстанга 1500 комплект чумага каршы костюм жана 240 респиратор жардам беришти.
Жардамды Республикалык инфекциялык ооруканага жана Бишкек мэриясынын алдындагы саламаттыкты сактоо борборуна фонддун өкүлдөрү Шамил Ибрагимов менен Айбек Мукамбетов тапшырышты.
Жардамдын акчалай суммасы: 1 785 000 сом (чумага каршы костюм) жана 60 000 сом (респираторлор) 1 млн 845 миң сомду түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ