Бүгүн, 11-апрелде дагы 41 адамдан таажывирусу табылган. Өлкө боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 339га жетти.
Таажывируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб ооруга чалдыккан бейтаптар кайсы региондон экендиги тууралуу маалымат таратты.
Жалал-Абад облусу жалпысынан 89 адам:
Жалал-Абад шаарынан – 4,
Сузак району – 74 адам,
Ала-Бука районунан – 8 адам,
Аксы районунан – 2,
Кара-Көл шаарынан – 1.
Ош облусунан жалпы 158 адам:
Ош шаары – 42,
Өзгөн району – 5 адам,
Кара-Суу району – 20,
Ноокат району – 91.
Чүй облусу боюнча жалпысынан 72 адам илдетке чалдыккан:
Бишкек шаары – 54,
Москва району – 1,
Аламүдүн району – 6,
Сокулук району – 3 адам,
Токмок шаары – 1 адам.
Ысык-Көл облусунан 4 адам:
Каракол шаары – 1,
Түп району – 2,
Ак-Суу району – 1.
Баткен облусунан 4 адам:
Баткен району – 2 адам,
Кызыл-Кыя шаары – 2,
Нарын облусунда жалпысынан 12 адам:
Нарын шаары – 5,
Ат-Башы району – 3,
Кочкор району – 1,
Жумгал району – 3.
Ал эми Талас облусунда таажывирустун бир дагы учуру катталган эмес.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 339 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 176сы аял, 163ү эркек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ