Акыркы сутка ичинде Ош облусунда коменданттык саатты 14 адам бузган. Ал эми 25-марттан бүгүнкү күнгө чейин 356 жаран коменданттык саатты бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде онлайн-брифинг учурунда Ош, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан, региондогу криминалдык жана коомдук-саясий кырдаал туруктуу деп бааланууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ