Нарын шаарынын милиция кызматкерлери санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу фактысы боюнча О.М. аттуу тургунга карата козголгон кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, ал жаран 15-мартта Пакистандан Өзбекстан аркылуу Бишкекке келген. Бишкек шаарында 19-мартка чейин жүргөн, андан кийин Нарын шаарына такси кызматы менен келген. Ал 4 адамга вирусту жугузган. Бул жаранга кылмыш иши козголгон, Нарын шаардык милиция кызматы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат” – деп билдирди комендент.
Белгилей кетсек, коронавируска чалдыккан бейтап оорудан айыгып, 14-апрелде үйүнө чыгарылган.
Буга чейин, Пакистанга даваатка барып таажывирус жуктуруп келген О.М. аттуу Нарындын тургуну дарылануудан баш тарткандыгы үчүн сотко чейинки иликтөө башталганы айтылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ