Бүгүн, 17-апрелде интернетте жана «WhatsApp» мессенджеринде болжол менен 3-4 класста окуган баланы сабаган видео тараган. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, видеодо жеткинчек баланы сабап жаткан жарандын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги маалым болду. Ал эми анын аялы 1987-жылы туулган Ж.Ж., экендиги да такталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жаран үй-бүлөсү менен 2019-жылы 16-октябрда Россия Федерциясына учуп кетишкендиги аныкталган.
Учурда аталган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ