Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн макулдашууларынын натыйжасында 2020-жылдын 24-апрелинде Стамбул-Бишкек каттамы боюнча чартердик каттам уюштуруу пландаштырылууда.
Кыргыз жарандарын алып келүү Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет өлкөлүк агенттиктери тарабынан 2020-жылдын март айынан тарта түзүлгөн тизмелерге ылайык жүргүзүлөт. Биринчи кезекте улгайган жарандарга, балдарга, аялдарга, ошондой эле ден-соолугу начар адамдарга артыкчылык берилет.
Азыркы учурда Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери тарабынан Кыргызстандын жарандарын Түркиянын шаарларынан Стамбулга жеткирүү үчүн жергиликтүү бийликтерден уруксат алуу маселеси каралууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ