Карантин шартында үй-бүлөдөгү зомбулук күчөдү, айрыкча балдарга жана аялдарга болгон зомбулук. Алар Улуттук онкология борборуна жайгаштырылган. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, зомбулуктар кездешкен аймактарда мамлекеттик органдар иш алып барып, жергиликтүү бийликтер менен мониторинг жүргүзүшөт.
“Биз кечээ эле балдар жана аялдар маселелерине жооптуу болгон өкмөттүк эмес уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул маселелер көңүл сыртында калбайт. Зомбулуктун алдын алуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз” – деп билдирди Аида Исмаилова.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ