Азыркы учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
“Эч кандай даттануусу жок. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда”, деп айтылат маалыматта.
Буга чейин, Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президенттин кан басымы төмөн экенин, аны тез ооруканага жаткыруу керектигин айткан.
Эсиңиздерге сала кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинен кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча айыпталуучу катары өтүп жатат. Ал жана анын жан-жөөкөрлөрү КРнын Жаза кодексинин “адам өлтүрүү”, “барымтага алуу”, “бийликти күч менен басып алуу”, “массалык баш аламандыктар”, “куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча айыпталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ