Милдеттенмелерин аткара албаган өкмөт отставкага кетиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү бүгүн так маалымат бериш керек. Эмне себептен медицина кызматкерлери коронавирус илдети менен ооруса 200 миң сомдон берилет деп, бүгүнкү күндө 100 миң сом берилет деген маалыматты таркатып жатат. Бул алдамчылык. Мындай милдеттенмелерин аткара албаган өкмөт отставкага кетиши керек же ачык маалыматты айтып кечирим сураш керек”, – деди Жээнчороев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ