Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө буга чейин дарыланып кеткен бейтапта коронавирус аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк-онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, аталган ооруканада 17-апрелден 24-апрелге чейин жаш бала энеси менен дарыланган. Алар ооруканадан чыккандан кийин Бишкекке бир нече убакыт жүрүп, андан кийин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна кетишкен. Жерине келгенде алардан коронавируска тест алынып, алардын вирус табылган.
“Бул маалыматтан кийин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүнүн бардык кызматкерлери, бейтаптар аларды карап жаткандар текшерүүдөн өтүшкөн. Жыйынтыгында, 2 медициналык кызматкерден, 2 баладан жана 3 энеден коронавирус табылган. Ал жакта иштеген медициналык кызматкерлер обсервацияда жатат” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Ал балдар ооруканасынын гематология бөлүмү жаңы бейтаптарды кабыл албай турганын, ал жакта буга чейин дарыланып жаткан бейтаптар калганын, алар тыкыр көзөмөлдө экенин кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ