Бүгүн, 14-майда КР Жогорку Кеңеши 22 депутат демилгелеп киргизген: парламенттик шайлоодо 9% босогодон ашып добуш алган партиялар гана парламентке өтөт деген норманы 7%дык босогого түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун карады. Ал учурда ушундай эле норманы 5%га түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган Исхак Масалиев баштаган депутаттар буга нааразы болушуп, Масалиев Жумабеков менен кайым айтыша кетти.
-Урматтуу төрага, Дастан Артисбекович сизге 6-декабрда (2019-жылы) биздин мыйзам долбоору тийген болчу, эмне үчүн 12-январда гана сизден чыгып жатат? Ал мыйзам долбоору менен сиз 1 ай эмне кылдыңыз?
-Ал мыйзам долбоору биздин тийиштүү бөлүмдөрдө каралып, анан комитеттерге кеткен. Ошол мөөнөттүн ичинде бардык иштер каралды.
-Анда эмнеге булардын мыйзам долбору сизде 3 эле күн жүрдү? Түшүндүрүп берсеңиз, эки бирдей эле мыйзам, бирөөсү сиздин кабылдамаңызда 20 күндөн ашык жүрөт, экинчиси 3 күндө чыгат. Түшүндүрмө бериңизчи?
-Түшүндүрмө ошондой, биринчи бөлүмдөр корутунду чыгарат, ошого жараша андан ары кетет.
-Урматтуу төрага, мен мөөнөттөр боюнча сурап жатам, 20 күн менен 3 күндүн айрымасы барбы?
-Бар, бирок ал жерде 20 күндөн бүтсүн же 3 күндө бүтсүн деген мөөнөт жок. Мөөнөт ошондой.
-Сиздин милдетиңиз мыйзамдын долбоорун тийиштүү комитетке жиберишиңиз керек, бул туура…
-Жөнөтүм, каралды…
-Сиз 20 күндөн кийин жөнөттүңүз.
-Демек ошол 20 күндүн ичинде каралды.
-Ким карады? Сиз карадыңызбы? Кеңешчиңиз карадыбы?
-Тийиштүү бөлүмдөрдө каралды.
-Макул, Юстиция министрлигинин өкүлү барбы? Айтыңызчы, эмне үчүн биз өкмөткө 12-февралда жиберген мыйзам долбоорун силер 12-майга чейин, 3 ай кармадыңар? Ал эми азыркы мыйзам долбоорун 3 күндө карадыңар, айрымасы барбы? Өкмөттүн өкүлү катары сизге суроо берип жатам…
-Сиздин мыйзам долбоору боюнча менде толук маалымат экен…
-Дастан Артистбекович, бул киши так жооп бере албаса биякта эмнеге олтурат? Юстиция министрлигинин өкүлү даяр болбосо “давай, досвидание” кылыш керек да…
-Өкмөт чыгымдарын эсептеди да, булардын мыйзам долбоорунда чыгымдар көрүнбөй жатат, силердин мыйзам долбоорунда чыгым каралып жатат…
– Каралган эмес биз шайлоодогу босогону 9%дан 5%га түшүрүп жатабыз, булар 7%га түшүрүп жатышат, болгону ошол…
-Бюджеттик чыгымдар бар экен деген маалыматтар келип жатат…
-Дастан Артисбекович, билбесеңиз айтпай эле коюңузчу, мен сизден суранат элем, биздики ушундай эле мыйзам болчу…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ