Коронавирус жуктурган Нарын шаарынын биринчи вице-мэринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
“18-май күнү Нарын облустук бириккен ооруканасына COVID-19 диагнозу менен Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов жаткырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп айтышууда”, – деп билдирет штаб.
Эскерте кетсек, буга чейин Нарын шаарынын мэриясы вице-мэр коронавирус жуктуруп алганын, ага байланыштуу мэриянын имараты карантинге жабылып, жетекчилиги жана кызматкерлери аралыктан иштеп жатканын билдирген. Ошондой эле биринчи вице-мэр менен байланышта болгондордун баары аныкталып, алардан анализ алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ