Бүгүн, 25-мартта инфекция очогундагы дарыгерлерди колдоо үчүн Бишкектен ыктыярдуу дарыгерлердин тобу жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымы боюнча, ыктыярдуу дарыгерлердин тобу жеке коргонуу үчүн атайын каражаттар менен камсыздалган жана иш сапар акылары төлөнгөн.
Учурда Кыргызстан боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны – 44 Алардын ичинен:
– Ош облусунда – 20 адам
– Жалал-Абад облусунда – 19 адам
–Бишкек шаарында – 3 адам
–Чүй облусунда – 1 адам
–Баткен облусунда – 1 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ