Айтылуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкели 17-ноябрда коюла турганы тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 22-октябрда билдирди.
Алардын айтымында, актердун айкели анын туулган күнүндө, 9-ноябрда, мурдагы ордуна (Бишкектеги Чүй менен Тыныстановдун көчөлөрүнүн кесилишине) коюлмак. Ал күнгө айкелди жасоого скульптордун автору жетишпей калганына байланыштуу, 17-ноябрда кино күнүнө карата тургузулмай болду.
Эске сала кетсек, 2017-жылы Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине Сүймөнкул Чокморовдун айкели тургузулган. Бирок, ал өзүнө окшошпой калганын коомчулук сынап чыккан. Ошондон уламбы, айтор, Маданият министрлигинин көркөм кеңеши аны алмаштыруу тууралуу чечим чыгарган. Быйыл кайрадан актердун айкелин жасоо боюнча төрт этаптан турган сынак өтүп, 18 адамдын ичинен Азамат Абдрахмановдун эмгеги тандалып алынган. “Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук” фонддун төрагасы Сагынбек Абдырахманов буга чейин айкелди социалдык тармакка тараткан. Аны коомчулук жактырып, эми окшошконун жазышкан эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ