Өкмөттүн жаңы командасы кандай иш алып барып жатканын баары билет. Айрым бир вицелер улам бир косяктарын кайталап атыр, кызматтан кетишсе, айрымдары жүдөп-какап иштей албай атып, мурунку кызматтарына кайтып барышууда. Айрымдар вице-премьер-министрликке бекип жатып кайсы тармакты көзөмөлдөөрүн билбей дабдырашты. Ал эми так ошолордон өзгөчөлөнүп Вице-премер министр Чолпон Султанбекова айрым эркектерге караганда мыкты иш алып барууда. Айрыкча былтыр Памирден боордошторубузду алып келүүдө туу сайды. Мыктылыгын көргөздү. Өз ишинин өтөсүнө чыккандарга өпкөлөп ыраазычылык айтууга неге болбосун. Эми ошол боордоштордун маселесин убактылуу эмес, биротоло аягына чейин чыгара алса анда Чолпон айым Кыргыз мамлекети үчүн абдан зор эмгек жасаган инсанга айланаары турган иш.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ