Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 23 адам айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында – 7
Ош облусунда – 3
Нарын облусунда – 7
Жалал-Абад облусунда – 1
Баткен облусунда – 3
Ысык-Көл облусунда – 2
Учурда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 980ге жетти.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1403 адамды түзөт. Алардын ичинен 980 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ