Menu

Былтыр соттолуп кеткен Бишкектин экс-мэрлери Кубаныч Кулматов менен Албек Ибраимов “биз ак жерден күйүп кеттик” деп шаардык сотко кайрылышыптыр

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-июнда Бишкек шаардык соту борбор калаанын экс-мэрлеринин иши боюнча айыпталуучулардын адвокаттарынын апелляциялык арызын кароону улантты. Отурумда сот Адис Момуналиев төрагалык кылган.

Процесстин жүрүшүндө кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө иштери аяктады.

Экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев жактоочу тарап иштин материалдарын карап чыгуудан баш тартканын билдирди.

“Биз бир нече өтүнүч менен кайрылдык, бирок сот алардын бирин да канааттандырган жок. Ошондон улам биз материалдарды карап чыгуудан баш тарттык. Көбүнчө биз соттон Сот-медициналык экспертиза борборуна эмне үчүн бул кылмыш ишине эксперттердин катышуусу камсыздалган эмес деген өтүнүч менен кайрылууну суранып кайрылганбыз. Сот бир нече жолу буйрук берген, бирок алар келген эмес. Сот дисциплинардык жоопкерчилик маселесин көтөрүп, экспертизаларды жол берилгис далилдер катары таануу жөнүндө чечим чыгарышы мүмкүн, анткени аларды териштире алган жок. Жактоочу тарап аларды эмне үчүн кабыл алынгыс деп таануу керектигин далилдеген өтүнүч келтирген. Эксперттердин күбөлүктөрү болгон эмес, алардын бардыгы кол койгон эмес, эсептөөлөр тиркелген эмес” – деп билдирди адвокат.

Мындан тышкары, адвокаттын айтымы боюнча, Кытайдагы ТВЕА компаниясынын директору Мусажан Макелектин Кыргызстанга келиши дагы камсыздалган эмес.

“Натыйжада, бардык айыпталуучуларды суракка алына баштады. Кубанычбек Кулматов бардык суроолорго жооп берди, Албек Ибраимов билдирүү жасап, жооп берүүдөн баш тарткан” – деди жактоочу.

Кубанычбек Кулматов, айрыкча, Мусажан Макелек эмне үчүн сот залында жок экендигине кызыкты.

“Ал силердин күбөңөр, бирок аны алып келе албайсыңар. Сиз анын көрсөтмөлөрүн айттыңыз (Кулматов ТВЕА курулуш үчүн кайсы компанияны тандашы керектиги көрсөтүлгөн). Эми элестетип көрсөңүз, чет элдик жаран бул жерге жылуулук электр станциясын, мектеп куруп жатат. Аны убактылуу кармоочу жайына камалып жатат. Бул ал үчүн эмне? Шок! Бизди чогуу суракка алганда, ага котормочу да берилген эмес. Ал орусча да, кыргызча да сүйлөй албайт. Андан көрсөтмөлөр мыйзам бузуулар менен алынган. Биринчи инстанцияда процесс 11 айга созулуп, аны алып келе алышкан эмес. Азыр дагы алып келе алышпайт” – деген экс-мэр.

Эске сала кетсек, Кубанычбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деп айыпталып, камакка алынган. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен камалган. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып, күнөөлүү эместигин айтып келген.

Былтыр, 23-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланып, Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып пул салуу менен сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: