Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Жогорку соттун имаратынын жанындагы митингди колдоо үчүн активист Өндүрүш Токтонасыров чыкты.
Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, Жогорку сот акыйкат чечим чыгарып, “Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырбашы керек. Мындан тышкары, ал БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова кызматтан кетиши керектигин билдирди.
«Бүгүн Жогорку сот административдик соттун чечимине карата БШКнын арызын карайт. Карга карганын көзүн чукубайт, калыстар тобу чечимди күчүндө калтырат, биз болсо жолугушууну уланта беребиз. Менин талабым – Нуржан Шайлдабекова өзүнүн командасы менен бирге кызматтан кетсин. “Кыргызстан” партиясы шайлоодон четтетилгенде акыйкаттык орнойт», – деди Өндүрүш Токтонасыров.
Буга чейин Өндүрүш Токтонасыров ушундай эле талап менен БШКнын имаратына жалгыз өзү митингге чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ