26-апрелде Ала-Тоо аянтында жарандык активисттер Элери Битикчи, Улан Үсөйүн башкарып жаткан уранга каршы митингге эски карышкыр саясатчы Алманбет Шыкмаматов да келип кошулайын деп аракет кылганда бир активист жигит алдын тороп, “биздин митинг саясый митинг эмес, жарандык митинг, саясатчылар жолобогула, силер сөз сүйлөп, өзүңөрдү пиар кылганы келдиңер, биз уранга каршы митингди саясатташтырганга жол бербейбиз!” деп ал жерден кууп салган эле.
Алманбет Шыкмаматов жана анын тарапташтары муну бийликтин чагымы катары жарыялап, тиги жигитти ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкери деп жарыялашкан.
Кечээ, 29-апрелде ал жигит видеобилдирүү жасап, ал милицияга тиешеси жок кадимки эле врач Агзам Данияров экенин жарыялады. Көрсө ал өзү уран казууга каршы экен, бирок жарандык активисттер уюштуруп, өткөрүп жаткан митингди саясатчылар саясатташтырып, өз кызыкчылыгына пайдаланбаш үчүн саясатчыларды кууп салганын түшүндүрдү.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ