Мээрбек Мискенбаев деген депутат алектенээрге эч нерсе таппай калгансып аз жерден элди экиге бөлүп коё жаздаганын унута элексиңер да, куудулдарга асыла коём деп. Негизи адам өзүнүн табиятына жакын нерсенин тегерегинде айланчыктай берет да. Ушу Мискенбаев 7-апрель окуясы болбогондо куудул болмок болуш керек деген да ой кетет эй. Бирок, куудулдарга бизде эле чычалабайт экен. Дүйнөлүк лидерлер да кээде куудулдарга «тырыңдап» калмайы бар. Мисалы, 31-март күнү немис куудулу Ян Бөнерман коомдук каналда сатиралык ыр окуп, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганды «кесипкөй акмак» деп атап жиберип, элди күлдүргөн. Мындан улам Эрдоган немис куудулуна каршы Германия прокуратурасына арыз жолдоду. Түрк лидери аны өзүнүн дарегине айткан сатиралык ыры үчүн айыптоодо. Маалыматка караганда, «Гремми» сыйлыгынын ээси саналган Бөмермандын үстүнөн чет өлкөлүк 20дан ашуун адамдан арыз түшүп, «Чет мамлекет өкүлдөрүн кордоо» беренеси менен иликтөө жүрүп жатат. Прокурорлор Эрдогандын арызы да ага кошулганын белгилешти. Эми муну Мискенбаев укпаса экен. Андале биздин прокуратура куудулдарды суракка алам деп жатып, прокуратура имаратын «сахнага» айлантып жиберишинде шек жок.
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ