Menu

Алмаз Атамбаев: “Мен президент болгондон кийин бажы төлөмдөрүн жыйноону 3 эсеге көбөйттүк, Америка же башка бизди сындаган мамлекеттер ушундай иштей алабы?”

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев 16-февралда Белгиядагы сапарынын алкагында Euronews маалымат агенттигине маек берген:

Euronews: Кыргызстанда чечилбеген көп көйгөйлөр бар, мисалы, коррупция. Эл аралык Transparency International уюму жылдык Коррупция индексин жарыялады. Анда Кыргызстан коррупциянын орду боюнча дүйнөдөгү 176 мамлекеттин ичинен 136 орунду ээледи. Бул деген мамлекетте коррупциянын деңгээли жогору экенин билдирет. Сиздин өлкө коррупция менен кандай күрөшүп жатат?

Алмаз Атамбаев: Мен бул бизге берилген баа саясатташтырылган баа деп ойлойм. Буга бир нече мисал менен жооп берейин. Мына, бизде коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында акыркы 5 жылда бюджеттин киреше бөлүгү 3 эсе көбөйдү. Бул коррупцияга каршы күрөштүн жемиши. Анткени бизде жаңы ири завод-ишканалар курулбады, нефти же газ жок. Ушул коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында гана биз айрым бир эконмикалык көйгөйлөрүбүздү чечип алдык. Мен цифраларды мисалга келтирейин. Бизде Кыргызстанда Киевдеги Майдан сыяктуу революция 2010-жылы 7-апрелде ишке ашты, 80 киши каза болду. Андан кийин дагы 20дан ашык. Бизден кийин араб өлкөлөрүндө, анан Украинада революция болду. Бирок биз акыркы 5 жылда мугалимдердин орточо айлык акысын 4 эсе, врачтардын орточо айлык акысын 3 эсе көбөйтө алдык. Азыр бул албетте чоң айлык эмес бирок биз коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында гана буга акча таба алдык. Бизде акыркы 5 жылда кызматтагы 7 миң кишиге кылмыш ишин козгодук. Анын ичинен 550дөн ашык киши мамлекеттик структурадагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, анда 40 сот, 100дөн ашык күч структураларынын ири жетекчилери да бар. Мен президент болгондон берки биринчи 3 жылда коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында бажыдан төлөмдөрдү 3 эсеге көбөйттүк. Америка же башка бизди сындаган мамлекеттер ушундай иштей алабы? Бизде баары мыйзам алдында бирдей. Бизде президент Атамбаевдин аппаратынын жетекчиси мыйзам бузгандыгы үчүн олтуруп чыкты.

Маалымат үчүн (Кyrgyztoday) :

2005-жылы революцидан кийин Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 450 миллион долларды түзгөн.

2010-жылы 7-апрелге карата Кыргызстандын бюджети 3 эседен көп, 1 млрд 900 млн долларга көтөрүлгөн.

2017-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 1 млрд 900 млн долларды гана түздү.

2010-жылдагы революциядан кийин сырттан товар ташып келген кыргыз жарандары үчүн бажы салыктары  3 жолу жогору көтөрүлдү. Ага чейин бажы төлөмдөрү дээрлик 15 жыл көтөрүлгөн эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: