2020-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75-жылдыгына арналган достук жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирет.
Аталган иш-чаранын алкагында Ж.Рустенбеков куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын Улуу Ата Мекендик согуштагы ролун баса белгилеп кеткен.
Мындан тышкары аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Ж.Рустенбековдун Оруссия Федерациясынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси И.С.Лякин-Фролов менен эл аралык актуалдуу маселелери жана мындан ары келечекте өз ара кызматташуусу боюнча пикир алмашуулары болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ