Кечээ, 6-июнда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин МАИ кызматкерлеринен качып бараткан видеотасмасы социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, МАИге баш ийбей качып кеткен унааны кууп жетип токтоткондо анын айдоочусу машинанын ичинде чоңдордун бири бар экенин айткан. Текшере келгенде унаанын ичинде Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаев болуп чыкты. Ошондой эле, депутат бараткан унаа кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, андан ары кетип калган.
“Бул тасманы көргөндөн кийин, “Депутатка мыйзам иштебейби?” деген суроо жаралат” деп комментарий берет тасманын автору.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ