Кыргызстанда дагы 38 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
– Бишкек шаарынан – 19 адам;
– Чүй облусунан – 6 адам;
– Ош шаарынан – 6 адам;
– Ош облусунан – 3 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 2 адам;
– Нарын облусунан – 1 адам;
– Талас облусунан – 1 адам;
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2093 адамга жетти.
Ал эми бул илдеттен 89 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 15 адам;
– Чүй облусунан – 59 адам;
– Ош шаарынан – 1 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 1 адам;
– Нарын облусунан – 13 адам;
Республика боюнча жалпы 1572 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бул илдеттен дагы 2 бейтап каза болуп, жалпы саны 26ны түздү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ