Ноокатта 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган аял ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККБнин басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Алардын айтымына караганда, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору З.К. сурак берип жатканда абалы кескин начарлап, тез жардам чакырылып, кардиологияга жеткирилген. Ал буга чейин жүрөгү ооруп ооруканага жатып, дарыланып чыккан.
Эске сала кетсек, кечээ, 3-декабрда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору З.К.5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ