Menu

Кубатбек Боронов: Өкмөт ишиндеги негизги артыкчылык – COVID-19 байланыштуу жаралган экономикалык кыскарууларды токтотуп калуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги негизги артыкчылык – COVID-19 байланыштуу жаралган экономикалык кыскарууларды токтотуп калуу. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

«Экономикалык кайра түзүүлөр ИДПнын жыл сайын өсүү темпинин 4%дан кем эмес камсыздоо болчу. Биз 2019-жылдын жыйынтыгы менен аны 4,5%га аткардык. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык активдүүлүк басаңдады. Май айынын жарымына чейин экономикалык кыймыл токтоду. Өкмөт эпидемиологиялык кырдаал күч алганга чейин өлкөнүн экономикалык болжолдорун эсептеп чыккан. Анда болжол менен ИДПнын көлөмү 5,3%га чейин кыскарат деп болжолдонгон.

2020-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 186,3 млрд сомду түзүп, 4,8%га кыскарды.  Кумтөр кенин кошпой алганда, бул көрсөткүч 6,4%га азайды. Түз эле айтышым керек, менин максатым – экономиканы калыбына келтирип, жылдын аягына чейин ИДПнын төмөндөөсүн болжолдонгон 5,3%дан ылдый түшүп кетпөөсүн камсыз кылуу», – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: